Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шаардын 2021-жылга карата бюджетинин долбоорун угушат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына кабарлады. Басма сөз кызматынан маалымдагандай, сессия 26-февралда өтөт.
Бул сессия ушул чакырылыштын акыркы сессиясы болуп калмакчы.
Эскерте кетсек, 18-февралда Бишкек шаарында жалпы шаардык бюджеттик угуу өткөн. Анда 2021-жылга Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы көлөмү 10 230 миллион 993,6 миң сом деп болжолдонууда.