Садыр Жапаров биринчи чет элдик иш сапары менен Орусияга кетти. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы

Бүгүн, 24-февралда президент Садыр Жапаров биринчи чет элдик иш сапары менен Орусияга кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн өз ара натыйжалуу байланышын өнүктүрүү келечегин талкуулашат.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысынын Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, Орусиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Орусиядагы мекендештер жана студенттер менен жолугушуу күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;

— Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков;

— Вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

— Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Орусиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат;

— Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;

— Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— Айыл, суу чарба жана аймактардын өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

— Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— Энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;

— Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев;

— Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан