ЭЛДИК КАБАР: "Жергиликтүү эл жумушу жок отурса Токтогул ГЭСин реконструкциялоого 70тей Тажик жараны келди" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына атын атагысы келбеген окурман "жергиликтүү эл жумушу жок отурса Токтогул ГЭСин реконструкциялоого 70тей Тажик жараны иштегени келди" деп билдирди.

"Токтогул ГЭСинде реконструкциялоо иштери жүрүп жатат, ишке кирейин деп барсам "резюмеңди таштап кой" дешкен. Бул жакта жергиликтүү эл жумушу жок отурса 70тей Тажик жаранын ГЭСке иштетүү үчүн алып келишиптир.

Азыр алар Кара-Көл шаарындагы "Турист" деген мейманканада жатышат. Бул нерсе туура эмес да. Ошол жумуштарды өзүбүздүн деле жигиттер кылат. ГЭСте иштегендер "тажиктердин бизге эмне кереги бар?" десе, "Бишкектен буйрук келген, аларга тийишпегиле" деп жооп беришиптир", - деди окурман.



Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ulia...
2021-02-25 15:32:41
Тажиктер айлыгы азыраак болсода иштейй берет ошого алып келген
+9
Aibek_eka
2021-02-25 15:51:35
Ээ туугандар биздин жеп жутарлар качан эле элим жерим дедиле тажик кытайды иштететда жепжутарлар
+2
Dolbooruwka
2021-02-25 15:57:01
Бул маселени которуш керек, кантип эле озубуздукулор турса тажиктер иштей, тажиктер аз акча алганда канча алат ошондо.10-15 минден азга иштешпесе керек, ошончо алыстан келип кв платасы жеген ичкенине онор эле акча кетпейт,
+5
Kyrgyz_bloger
2021-02-25 16:13:36
Биз онолбойбуз мен деле энергетикалык факультетти бутком ГЭСке ишке киргени барсан,резьюменди таштап кой конкурс болгондо чакырабыз дейт,ошол бойдон уктатат,менден кийин канча адамдар кирип кетти,сураштырсан атасы же апасы ГЭСте иштейт,тууган урук басып кеткен,жонокой эле слесарь болуп киргенге 70 мин сом шапка деп угуп журобуз,уверенный адамдардан.
+3
aiba.20201234567
2021-02-25 16:17:59
Жаз келер мн Бишкеке өзбектер жайнап кетет сройкага пропискасы жок эле менттер крышавать этет аларды...
+2
Zhazgul8
2021-02-25 20:26:52
Оа өзүбүздүкүлөр темселеп Москвада жүрсө. Булардын кылганын кара.Ээ алла кыргызыма ыйман бер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан