Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында Конституциянын жаңы долбоору каралууда.
Анда долбоордун демилгечилеринин бири Бактыбек Турускулов референдумду жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен биргеликте өткөрүүнү сунуштады.
"Конституциянын кеңешменин отурумунда журналисттер катышып отурду. Онлайн режиминде түз эфирде көрсөтүлдү. Бюджеттин чектелүү экенин эске алып, референдумду өктөрүү күнү 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган. Жергиликтүү кеңештердеги шайлоо күнү менен бирге бириктирүү сунушталат. Бул мыйзам долбоору менен Кыргыз мамлекетинин бардык аймагында 11-апрелде өткөрүү бекитилген", - дейт ал.