Президент Садыр Жапаровдун 26-февралда Орусияга жасаган алгачкы чет элдик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артём Новиковдун Орусиянын өкмөт төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда эки жактуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу талкууланды.
Тараптар Орусиянын "COVID'сиз саякат" программасына Кыргыз Республикасынын катышуусу маселесин кеңири талкуулашты. Бул программага катышуу үчүн кыргыз медициналык лабораторияларынын Орусия керектөөчүлөр көзөмөлүнүн талаптарына шайкештигин баалоо боюнча макулдашууга жетишилди. Бул чечим Кыргыз жарандарынын Орусиянын аймагына кирүүсү үчүн негиздеме алуу зарылчылыгын жокко чыгарууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө.
Тараптар билим берүү жаатында кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, атап айтканда, кыргыз студенттеринин Орусиянын ЖОЖдорунда билим алуусуна акысыз квоталарды көбөйтүү жана "Орусиялык мугалим чет өлкөдө" программасы боюнча Орусиянын мектеп мугалимдеринин санын көбөйтүү жөнүндө макулдашылды.