Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров кызматын убактылуу токтотту. Ал социалдык тармактагы баракчасында жергиликтүү кеңешке шайлоого катышарын, ошондуктан убактылуу кызматын токтотконун билдирген. Мыйзамга ылайык, шайлоого 40 күн калганда кызматын токтотуу зарыл.
Жаныбек Абиров "Эмгек" партиясы менен жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышат.
Жергиликтүү кеңештерде шайлоо 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште өтөт.
Референдумду жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен биргеликте өткөрүү сунушталды
Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында Конституциянын жаңы долбоору каралды.
Анда долбоордун демилгечилеринин бири Бактыбек Турускулов референдумду жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен биргеликте өткөрүүнү сунуштады.
"Конституциялык кеңешменин отурумунда журналисттер катышып отурду. Онлайн режиминде түз эфирде көрсөтүлдү. Бюджеттин чектелүү экенин эске алып, референдумду өткөрүү күнү 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган. Жергиликтүү кеңештердеги шайлоо күнү менен бирге бириктирүү сунушталат. Бул мыйзам долбоору менен Кыргыз мамлекетинин бардык аймагында 11-апрелде өткөрүү бекитилген", - дейт ал.
Комитет Конституциянын долбоорун Жогорку Кенештин кароосуна жөнөттү.