"Бириккен Араб Эмирликтерине, Түркияга качып кетесиңер". Депутат Конституциянын долбоорун кабыл алууда мыйзам бузулгандыгын айтты

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө. Анда депутат Ирина Карамушкина негизги мыйзамдын жаңы редакциясынын демилгечилери болгон депутаттар бул элдин талабы деп айтып жатышканын айтты.

Депутаттын айтымында, Кыргыз өлкөсүнүн башкаруу формасын өзгөртүү боюнча референдумга калктын 30 пайызы гана катышкан.

"Эми сиздер ушул 30 пайыз жарандардын артына жашынып, жаңы долбоорду сүйрөп келесиңер. Андан кийин Бириккен Араб Эмирликтерине, Түркияга качып кетесиңер. Токтоткула! Калган 70 пайыз калк бизге мындай өзгөрүүлөргө уруксат берген жок", - деди Карамушкина.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан