Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңеште референдум боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Бактыбек Турусбеков Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелге белгилөө сунушталып жатканын айтты.
Бул мыйзам долбоору боюнча талаш-тартыш жаралды. Айрым депутаттар бул мыйзам долбоорунун авторлору ким экенин так көрсөтүү керектигин айтышты. Бактыбек Турусбеков авторлордун бири өзү экенин, бирок башкалар тууралуу маалымат бере албастыгын айтты. Жыйынтыгында 96 депутат каттоодон өтүп, мыйзам долбооруна 87си "макул" деп, 9 депутат "каршы" деген добуш берди.