Депутат азык-түлүктөрдүн баасынын кымбатташы боюнча өкмөт көңүл бурушу керектигин айтты

Депутат Таабалды Тиллаев азык-түлүктөрдүн баасынын кымбатташы боюнча өкмөт иш алып барышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Азык-түлүктөрдүн, күйүүчү майлардын бааларынын өсүп жатканы боюнча маселени көтөрөйүн деп чечтим. Бул кымбаттоолор калк үчүн оор болуп жатат. Жолдорду издей баштасак. Өкмөт бул жаатта тиешелүү чараларды көрүшү зарыл", - деди ал.

Мындан тышкары депутат жазга улай табигый кырсыктардын алдын алуу багытында керектүү жумуштар жасалышы керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан