Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов Ак калпак күнүнө карата иш-чара уюштурган активисттерди кызматтарга тартуу керектигин айтты.
"Ак калпак күнү менен куттуктайм. Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында Ак калпак күнү салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. Мен барып катышып келдим. Ушундай иш-чараны Маданият министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясы толук өзүнүн колуна албаганы мени өкүндүрөт. Мыйзам менен белгиленген күндү өткөрүүнү өкмөт өз колуна албаса болбойт. Мен бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучулары Аманбол Бабакулов менен Элнура Кулуевага терең ыраазычылык билдирип кетем. Ушундай активисттерди кызматка тартыш керек", - деди депутат.