Депутат Тагаев Ош жана Баткен облусунда чыгарылып жаткан цементтин баасы кымбат болуп жатканын айтты

Депутат Эрмамат Тагаев Ош жана Баткен облусунда чыгарылып жаткан цементтин баасы кымбат болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирген. Өкмөт өкүлүн аталган маселеге көңүл бурууга чакырды.

"Жергиликтүү цементтин тоннасы 71 доллар болуп жатыптыр. Ал эми Өзбекстандыкы 40 доллардын тегерегинде сатылып жаткан экен. Мындай эки эсеге жакын айырмачылык болбош керек эле", - деди депутат Эрмамат Тагаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан