УКМК: "Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы баракчасын бузуу чет өлкөдөн жүргүзүлгөн"

Президент Садыр Жапаровдун Фейсбук социалдык тармагындагы жеке баракчасын бузуу фактысы боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Такталган маалымат боюнча, баракчаны бузуу чет өлкөдөн жүргүзүлгөн. Учурда бул окуя боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 3-мартта Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун 1-окууда талкуулаган.

Анда депутат Дастан Бекешев жаңы Конституция элдин шору экенин айтып, Баш мыйзамда туура эмес эрежелер бар экенине токтолгон.
Бул видео социалдык тармакка жарыялангандан кийин видеонун алдына президент Садыр Жапаровдун баракчасы төмөнкүдөй "Көзү эле эмес, көөдөнү сокур киши экен бул акмактын-помощник" деген комментарий калтырган.
Чуулгандуу комментарий боюнча президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан