Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта коңшу өлкө Өзбекстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу маалымат жыйында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.
"Алдын ала айтуу туура эмес, бирок эгер сиздер үчүн бул кызык болуп жатса президент Садыр Жапаровдун атына көп чакыруулар келип түштү. Президенттин кийинки сапары 11-12-мартта Өзбекстанга болот. Анткени буга чейин маалым болгондой, президент коңшу өлкөлөр Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Кытай Эл Республикасына баруу каалоосун билдирген", - деди Казакбаев.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров 2-мартта мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга барган.