Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү соттор менен жолугушуу өткөрдү (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта сот системинин кызматкерлеринин күнүнө карата өлкөдөгү судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери менен кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, судьяларды жана сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ошону менен бирге ал сот тутуму боюнча коомчулуктун адилеттүү сын-пикирлерин жаратып жаткан сот-укук системиндеги көйгөйлөрдү белгилеп, судьялар корпусунун ишмердигин сынга алган.

Президент сотторду белгиленген бардык кемчиликтерди жоюуга, сот тутумуна болгон сый-урматты калыбына келтирүү боюнча ачык-айкын жана кынтыксыз ишти камсыз кылууга чакырган.

Иш-чарага өлкөнүн бардык сот инстанцияларынан келген 400дөн ашуун судья катышканын президенттик аппараттан маалымдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан