Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазовго жана Бурун Амановага депутаттык мандат тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан, "Ата-Мекен" саясий социалисттик партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкерлер Шайлообек Атазов жана Бурун Аманованы Жогорку Кеңештин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды. БШК токтому менен алар Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, күбөлүк жана төш белги берилди", - деп жазылат маалыматта.