Мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов үй-бүлөсү жубайы тууралуу SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун алкагында айтып берди.
"Жубайым менден бир жашка кичүү. Үч балабыз бар. Улуусу Москвада аспирантурада окуп жатат, калгандары мектепте окушат. Жубайым менен институтту бүтүп жатканда эле таанышканбыз. Көпкө сүйлөшүп жүрдүк, алгач биз жашап көрдүк, бир балалуу болгондон кийин гана той өткөрдүк.
Жубайым өзү балдар психологу. Андан кийин жеке ишкерлик менен алектенген. Азыр номеролог менен кызыгып, ошол менен алектенип келет. Анткени окуган кесибине шайкеш келет", - деп билдирди ал.