Баткен. Жаштар үйү уюштурган футбол мелдеши өттү

Баткен облустук Жаштар үйү 10-октябрда мектеп окуучулары аралык футбол мелдешин өткөрдү. Оюнга 6 команда катышты. Мелдештин жыйынтыгында Кызыл-Жол орто мектебинин командасы 1-орунга ээ болду. 2-орунду Сыдык Айтматов атындагы мектептин командасы алса, 3-орунга облустук гимназия-мектебинин командасы татыктуу болду. Жеңүүчү командаларга Ардак грамоталар жана баалуу белектер ыйгарылды. Уюштуруучу топтун айтымында, оюн ушуну менен токтоп калбастан, райондук жана облустук деңгээлде уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан