Жеңиш Молдокматов: "Легитимсиз парламент таркашы керек"

Бүгүн, 9-мартта Ак Үйдүн алдында митинг өтүүдө. Анда "Легитимсиз парламент таркасын", "Конституциянын жаңы долбоору жаңы парламентте кеңири талкууланып, эл тандоосуна коюлсун" деген талаптар айтылууда.

Уюштуруучу, активист Жеңиш Молдокматов митингдин талаптары тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

"Бүгүнкү тынчтык митингине чогулганыбыздын негизги максаты өлкөдө орун алган мыйзамсыз саясий реформалардын жүрүшү болуп жатат. Анын бири Конституциянын кабыл алынышы. 3-мартка чейинкисин айтпасак да белгилүү. Тилекке каршы, 3-мартта парламентте өтө одоно мыйзам бузуулар орун алды. Конституциянын жаңы долбоорун эмес, референдум жөнүндө жаңы мыйзамга алдоо жана мыйзам бузуулар менен жаңы конституциянын долбоорун тиркешти. Бүгүнкү күндө өлкөдө конституциялык төңкөрүш орун алды. Президент Жапаровдун жана парламенттин демилгеси, анан кошоматчылыгы толугу менен бийликти узурпациялоо процесси башталды. Мына ушуга каршы бүгүн тынчтык митингине чыгып жатабыз.

Төрт негизги талабыбыз бар. Биринчиси, легитимсиз парламент таркашы керек. Экинчиси, легитимсиз парламентти бюджеттен каржылоо токтотулушу зарыл. Үчүнчүсү, президент Жапаров эл алдында сөз бергендей парламентти таркатып, жаңы парламенттин шайлоосун дайындаш кажет. Төртүнчү жаңы парламентке жаңы адамдардын колу менен Конституция жазылып, кеңири форматта талкууланып, бүгүнкү күндөй Ак Үйдүн ичинде жашынып, баарынан жамынып анан алдоо жолу менен кабыл алынбастан референдумга коюлушу керек", - деп билдирди Молдокматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан