Бүгүн, 9-мартта Бишкектеги Ак Үйдүн алдына Жогорку Кеңештин депутаттарын таркоосун талап кылган митинг өтүүдө.
Митингге болжол менен 100дөй адам катышып жатат жана алардын арасында активисттер дагы бар. Саат 11:30га карата Ак Үйдүн алдына милиция кызматкерлери келди.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту 22-апрелге чейин Бишкектин борбордук бөлүгүндө митингдерди жана тынч жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салган.