Бүгүн, 9-мартта Бишкектеги Ак Үйдүн алдына Жогорку Кеңештин депутаттарын таркоосун талап кылган митинг өтүүдө.
Митингге чыккандарды колдоп келген экс-депутат Исхак Масалиев төмөнкүлөрдү билдирди.
"Азыр Жогорку Кеңештин курамы толугу менен конституциялык өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алды. Анан референдум жөнүндө мыйзамды карап жатат.
Бул жерде топтолгон жарандарыбыз ушул кадамдарын мыйзамсыз деп таап жатат. Мен ушул пикирге кошулам. Менин жеке пикирим боюнча, азыр жасап жаткан кадамдар, конституциялык реформа кыйшык жол менен кетип баратат. "Эл 10-январда добуш берди" деген жүйө менен шылтоолоп жатышат, бул эч кандай мыйзамга дал келбейт.
Себеби эл добуш берген күндө деле алар "мыйзамсыз кабыл алгыла" деп айткан жок да. Тескерисинче, "мыйзам жолу менен, туура кабыл алгыла" деп айткан. Ошондуктан ушул жерде жыйналган элдин талабы - бул азыркы Жогорку Кеңештин курамы ишмердүүлүгүн токтотсун, алардыкы 28-октябрда бүткөн. Демек, кайрадан шайлоо дайындап туруп конституциялык укугун өткөрсө, мен мисалы контитуциялык реформага каршы деп айта албайм, себеби референдумга 10-январдан кийин баш ийиш керек. Бирок жол-жобосун, мыйзамдуулугун сакташ керек", - деди Масалиев.