Бүгүн, 9-мартта Ак Үйдүн алдында митинг өтүүдө. Анда алар Конституциянын долбооруна каршы митинг өткөрүп жатышат. Мындан тышкары активисттер "легитимсиз парламент таркасын" деген талапты дагы айтышууда.
Митингге депутат Дастан Бекешев дагы келди. Ал Конституциянын долбооруна каршы экенин SUPER.KG порталына билдирди. Ал эми парламент таркасын деген талапты ал күзүндө эле айтканын белгиледи.