"Бизге хандык бийликтин кереги жок!" дейт жарандык активист

Бүгүн, 9-мартта Бишкектеги Ак Үйдүн алдына Жогорку Кеңештин депутаттарын таркоосун талап кылган митинг өттү.

Тынчтык митингине чыккандарды колдоп келген жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров төмөнкүлөрдү билдирди.

"Эгер жарандык коом унчукпай, а жогору жактагылар өз билемдиктерин жасай бере турган болсо биз сөзсүз түрдө ханга ээ болобуз.

Бизге хандык бийликтин кереги жок да. Биз нечен жылдан бери парламентаризм деп жүрөбүз. Алар бардыгына кол бууп коюп туруп өздөрүн өзү билип жатканы чекилик көрүнүш.

Өткөн жылдын октябрь айынан бери легитимсиз парламент кандай гана мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жатат. Бүгүнкү жарандык активисттердин иш-чарасын кубаттайм. Конституциянын жаңы долбоорун элдик талкууга эч ким койгон жок. Легитимсиз парламент кетип, ал эми долбоор кайрадан жазылууга тийиш", - деди Токтонасыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан