Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 11-12-мартында Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Алдыдагы иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында алдыдагы иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форумун да өткөрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан