Блогер Элмир Сыдымановдун соту уланууда

Бүгүн, 10-мартта Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун соту уланууда.

Соттук отурумга блогер жана жактоочусу келди. Алардын айтымында, чечим 16-мартта чыгат.

Окуянын чоо-жайы:

Инстаграмда Сыдыман каймана аты менен белгилүү болгон блогер февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргыз өлкөсүнүн айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаганы коомчулукта кызуу талкууга алынган.

Элдин нааразычылыгын жараткан блогер кийин милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси "расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" боюнча айып коюлган. 2020-жылдын 28-февралында ал үй камагына чыгарылган.

2020-жылдын 8-июндагы отурумда судья блогердин сөзү боюнча психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүш керек экенин айтып, соттук териштирүү ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин уланарын билдирген.

Буга чейин Сыдыман Садыр Жапаровдон жардам сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aibek_eka
2021-03-10 11:12:14
5 10 жылга соттоп жибергиле ойноп суйлосонда ойлоп суйло деген
+3
bayern-munchen
2021-03-10 12:21:07
Aibek_eka,кой кокуй анте корбо аны фанаттары бул жерде дагы бар чырдашып жибербесин
0
Gulizaa
2021-03-10 13:39:09
Ушуга окшогондорду жазалаш кк бул да элди болууго кирет эн начар адат,калгандарга сабак болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан