Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутууга шектелген блогер Сыдыман кармалды. Ал Октябрь РИИБинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан колго түшүрүлгөнүн аталган мекеменин басма сөз катчысы билдирди.
"313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде ачылган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү 1997-жылы туулган Сыдыман Э. экени аныкталды.
Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат", - деп билдирет маалымат катчы.