Депутат референдум тууралуу долбооруна тийиштүү комитетте ким кандай добуш бергенин ачык чыгаруу керектигин айтты

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында референдум жөнүндө маселе каралып жатат.

Анда депутат Рыскелди Момбеков Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин чечимин көрбөгөнүн айтты. Ал кайсы депутаттар добуш бергенин сурады.

Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков добуш берүү сурамжылоо негизде өткөнүн белгиледи. "Эки сунуш түштү. 6 фракциянын сунуштары келип түштү. Сунуштар сурамжылоо жолу менен кабыл алынды", - деди ал.

Момбеков: "Комитеттин 17 мүчөсү бар. Кимдер каршы, кимдер колдоду? Жашырбай көрсөтүп койбойсуздарбы", - дейт.

Ошону менен катар эле депутат КСДПнын жыйыны болгонун билбей турганын белгиледи.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жыйын сурамжылоо менен болгонун айтты.

Момбеков жыйынга ал чакырылбаганын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан