Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Эркин Тентишев келет. Маалыматты өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан тастыкташты.
Буйрукка кечээ, 9-мартта премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Бүгүн, 10-мартта өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Айбек Жунушалиев облустун жаңы башчысы Тентишевди командага тааныштырды.
Белгилей кетсек, Мияров Чүй облусунун башчылыгына 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашкандан кийин келген. 2020-жылдагы шайлоодо "Ордо" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.
Эркин Тентишевдин өмүр баяны:
Билими: 1979-1986-жылдары Скрябина атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
1996-2000-жылдары Кыргызстан эл аралык университети;
2000-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык академиясы.
Иш тажрыйбасы:
1986-1999-жылдары Кемин районуна караштуу Ильич атындагы мамлекеттик асыл-тукум заводунун жетекчиси.
Контролдук-селекциялык гурт ферманын башчысынын милдетин аткаруучу.
1990-1991-жылдары Башкы зоотехник, Кемин районунун Быстровского ПЕС айыл чарба ишканалары директору.
1993-жылдары "Аида" туристтик фирмасынын уюштуруучусу (Бишкек шаары).
1998-2001-жылдары - Пакистан Ислам Республикасындагы соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, 2001-2004-жылдары Пакистан Ислам Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын Башкы консулу жана жетекчиси.
2004-2005-жылдары - ТИМ алдындагы Иммиграциялык фондунун директору.
2004-жылдары Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү.