Депутат: "Биз бул жакта Конституция жөнүндө сүйлөшүп жатканда баалар өсүп жатат"

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында референдум тууралуу мыйзам долбоору каралууда.

Анда депутат Дастан Бекешев азык-түлүктөрдүн баасы өсүп жатканын белгиледи.

"Парламентте көпчүлүк бай депутаттар отурат. Сиздер өзүңүздөрдүн маселеңиздерди чечип алгансыздар. Бирок элде кандай маселе болуп жатканын билесиздерби? Биз бул жакта Конституция жөнүндө сүйлөшүп жатканда баалар өсүп жатат. Эмнеге президент бул боюнча маселени чечпейт? Элдин акчасы тамакка жетпей жатат. Бул мыйзам долбоору өтөт. Бул нерсени баарыбыз билебиз. Силер эртең акчаңар боло турганын билесиңер. Бирок элде акча жок да. Элди башка маселе кооптондуруп турат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан