Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңеште жаңы депутат Бурун Аманова ант берет. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Бурун Амановага 7-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы мандат тапшырган. Ал "Ата-Мекен" фракциясына депутат болуп келди. Аманова Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси болуп дайындалган Гүлнара-Клара Саматтын ордуна болду.