"Үй камагына чыктым". Абактагы депутат Төрөкулов Жогорку Кеңештин жыйынына келди

Абактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин жыйынына келди. Ал Биринчи Май райондук соттун чечими менен үй камагына чыкты.

"Жактоочуларымдын сунушу менен баш коргоо чара өзгөртүлдү. Кечээ үй камагына чыктым", - деди ал.

16-январда Дүйшөн Төрөкулов камакка алынган. Биринчи Май райондук соту депутат Дүйшөн Төрөкуловду эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан