Абактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин жыйынына келди. Ал Биринчи Май райондук соттун чечими менен үй камагына чыкканын журналисттерге билдирди.
"Тергөөнүн купуялыгын сактоо боюнча кол коюп бердим. Мага коюлган айыптардын бардыгы жалаа. Жакынкы күндөрү сот болот. Соттун чечимине күбө болосуздар. Саясий куугунтук деп деле айтпайм. Жүрүп жаткан программага туш келип калдым окшойт", - деди ал.
16-январда Дүйшөн Төрөкулов камакка алынган. Биринчи Май райондук соту депутат Дүйшөн Төрөкуловду эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алган.