Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында, өлкө башчы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.
Мындан тышкары алдыдагы иш сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү мерчемделген.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:
— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;
— Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев;
— президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;
— Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов;
— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
— саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;
— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
— билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;
— энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев;
— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов;
— Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев;
— өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев;
— өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев;
— өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашымбаев;
— өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;
— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов;
— Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев;
— Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев.