Тикенектин арасынан табылган 6 балалуу Мактым Кожонованын өлүмү. Милиция ал киши колдуу эмес каза болгонун маалымдады

Баткенде дээрлик 2 айдан бери дайынсыз болуп жатып, кийин жансыз денеси табылган 6 балалуу Мактым Кожонованын өлүмүнө жасалган соттук-экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ушул жылдын 24-январь күнү дайынсыз жоголгон Мактым Кожонованын жансыз денеси өзү жашаган үйдөн 200 метр алыстыктагы тикендүү бүлдүркөндүн арасынан табылган. Бул маалымат Баткен ШИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталган. Жансыз дене табылган соң, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында анын киши колдуу болбой каза болгондугу аныкталды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Мактым Кожонова 2020-жылдын 23-ноябрынан бери дайынсыз болуп жаткан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын маалымдаган.

2020-жылдын 25-ноябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери, туугандары жана жергиликтүү тургундардан 200дөй адам тартылган.

Ал эми өткөн жылдын 27-ноябрында Мактым Кожонова 11-класста окуган кызын эрте турмушка берип койгону боюнча тергөөгө чакырылганын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Кийин SUPER.KG порталына Мактым Кожонованын Перизат аттуу кызы апасынын сырдуу жоголушу боюнча айтып, ойлоно берип ою, ыйлай берип көз жашы калбай деле калганын, туугандары Бишкекте дагы издеп жатканын билдирген болчу.

25-январда Баткен ОИИБи жансыз денеге экспертиза дайындалганын маалымдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Belek1710
2021-03-16 11:21:45
Кантип эле
+8
Bazana
2021-03-16 11:28:20
Ал жердерди тытып ийген болуш керек эле. Жомокту айтып койду
+7
Isikkolumkeremet
2021-03-16 12:05:03
Киши колдуу болбой эмне колдуу болгонун жазбаган сон эмне деген материал даярдаган журналист Гулзина Каныбекова.
Баш аягы жок
+11
Гүлзина Каныбекова
2021-03-16 12:47:29
Isikkolumkeremet, Эмне колдуу болуп каза болгонун милиция бербесе, оюбуздан чыгарып жазат белек. Киши колдуу болгон эмес деп экпертизанын жыйынтыгын беришти, демек эч ким өлтүргөн эмес деп түшүнүңүз. (расмий маалыматтар ушундай болот)
-5
Bakyt2020
2021-03-16 12:08:48
Киши колдуу болбосо, озу барып жатып алыптырбы? тикендуу булдуркондун арасына,чийки го иликтоонор....
+14
Aimani
2021-03-16 12:11:14
Ошондо булдуркондун арасына барып эле олуп калыптырбы,туалетке чыккан бойдон.Жылан чакпай жылкы теппей.Бишкеке чейин издеп,уйунон 200метр жерди карабай калышыптырбы ,ошондо убакыт иттер талап кемирип кетпей жата бериптирби.бул жомокко Ким ишенет.
+14
Jibakana
2021-03-16 13:39:05
Айланайын супер качан нормально Бир жанылыкты толук чыгарасынар,дайыма жанылыгынар башы бар аягы жок,аягы болсо башы жок жазасынар,Бир жанылыкты майын чыгара жазгылачы жазганга жараша
+7
Alixan-Nookat.2015
2021-03-16 13:39:49
Тикенектин арасына кирип каза болуп калдыбы анда? Жардан түбүнөн же бир аңга түшүп турган абалда табылса ишенсе болот эле же түшүп кетти же боюн таштады деп. Милиция ошончо иттер менен издеп таппай анан үйдүн жанында тикенектин арасынан чыкканы күмөн жаратат
+8
Haanykeim
2021-03-16 14:29:03
Жомогуңар жомоктой тарады..
+5
nursbaike94
2021-03-16 14:34:48
жиндердин иши да болушу толук ыктымалдуу
+2
JaneEr
2021-03-16 18:31:55
Дагы деле сырдуу боюнча калды...
0
Naku77
2021-03-16 22:10:28
Эки айдан бери денеси эч нерсе болбоптурбу 2ай ай ошол жерде жатса сөөк эле калмакко деймда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан