Биз социалдык тармакта

"Түндүкэлектр" карызы барлардын жарыгын өчүрөт

Эртең, 17-марттан баштап "Түндүк электр" ААКсы карызы бар батирлердин жарыгын өчүрө баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарык карыз толук төлөнгөндөн кийин гана жандырылат. Ушундай ыңгайсыздыктарды жана кайра туташуудагы ашыкча чыгымдарды болтурбоо үчүн мекеме электр энергиясына болгон төлөмдөрдү алдын ала төлөөгө чакырат.

Эскерте кетсек, абоненттер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү терминал аркылуу төлөй алышат. Ошондой эле "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү реалдуу режимде кабыл алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан