Баткен шаарында өткөрүлгөн жергиликтүү мамлекеттик район акимдеринин жана алардын орун басарларын аттестациялоо жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, кечээ, 15-мартта райондордун акимдери аттестациялоодон өтүп, жыйынтыгы чыкты.
"Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн бир талапкер баш тарткандыгына байланыштуу Республикалык аттестациялык комиссиясы аны кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баасын берди. Дагы бир талапкер 50 пайыздык босогодон аз балл алгандыгына байланыштуу аңгемелешүү этабына киргизилген жок. Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:
Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча өкмөткө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет", - деп жазылат маалыматта.