12-октябрь күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында Дүйнөнүн мурдагы чемпиону Мэнни Пакьяону жеңген эки боксчу бири-бири менен беттешет. Анда америкалык Тимоти Брэдли менен мексикалык Хуан Мануэль Маркестин беттеши орун алат. Бокс тарыхындагы эң күчтүү боксчулардын бири деп саналган филиппиндик Мэнни Пакьяону америкалык Тимоти Брэдли калыстардын жардамы менен жеңген. Беттеш АКШда өтүп, калыстар жеңишти америкалык боксчуга ыйгарып коюшкан. Ал эми мексикалык Хуан Мануэль Маркес менен Мэнни Пакьяо 4-ирет беттешип, 4-беттеште Маркес Пакьяону нокаутка учуратып жеңишке жеткен. Бул беттеш “Ринг” журналынын версиясы боюнча “Жылдын беттеши”, “Жылдын нокауту”, “Жылдын раунду”, “Жылдын окуясы” деген номинацияларды алган. Алдынкы 3 беттештин 2синде калыстардын бөлүнгөн чечими менен Пакьяо жеңсе, биринде тең чыгуу катталган. 12-октябрь күнү ошол эле беттештин алкагында украиналык боксчу, Олимпиаданын эки жолку чемпиону Василий Ломаченко профессионалдар арасындагы биринчи беттешин өткөрөт.