Бүгүн, 17-мартта президент Садыр Жапаров 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Садыр Жапаров Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.