Баткенде дээрлик 2 айдан бери дайынсыз болуп жатып, кийин жансыз денеси табылган 6 балалуу Мактым Кожонованын өлүмүнө жасалган соттук-экспертизанын жыйынтыгы кечээ, 16-мартта чыккан.
"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы ал киши колдуу болбой каза болгондугун аныктады", - деп Баткен облустук милициясынан маалымдашкан болчу.
Мындан улам SUPER.KG порталы 6 балалуу аялдын өлүмүнүн себеби эмнеде деген суроо менен кайрадан Баткен ОИИБине кайрылды.
"Алдын ала маалымат боюнча, ал суукка тоңуп каза болушу мүмкүн. Туугандары Кожонованын өлүмү боюнча маалыматтардын ачыкталышын каалашпай турганын айтып, бизге келишти", - дешти ОИИБден.
Окуянын чоо-жайы:
Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Мактым Кожонова 2020-жылдын 23-ноябрынан бери дайынсыз болуп жаткан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын маалымдаган.
2020-жылдын 25-ноябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери, туугандары жана жергиликтүү тургундардан 200дөй адам тартылган.
Ал эми өткөн жылдын 27-ноябрында Мактым Кожонова 11-класста окуган кызын эрте турмушка берип койгону боюнча тергөөгө чакырылганын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкен.
Кийин SUPER.KG порталына Мактым Кожонованын Перизат аттуу кызы апасынын сырдуу жоголушу боюнча айтып, ойлоно берип ою, ыйлай берип көз жашы калбай деле калганын, туугандары Бишкекте дагы издеп жатканын билдирген болчу.
25-январда Баткен ОИИБи жансыз денеге экспертиза дайындалганын маалымдашкан.