Бүгүн, 17-мартта социалдык тармактарда Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кенинде жүк ташуучу унаанын айдоочуларынын кезек талашып, жөөлөшүп жаткан видеосу тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, жүк ташуучу унаанын айдоочулары кезек талашып, унаалары менен жөөлөшүшкөн. Ошол эле учурда дагы бир жүк ташуучу унаанын айнегин талкалап салышканын көрүүгө болот.
Өз кезегинде SUPER.KG порталына окурмандар Бишкек шаарында көмүр тартыш болуп жатканын кабарлашты.