Дүйнөнү каптаган коронавирус илдети бир жыл мурун Кыргыз өлкөсүнө жеткен. Былтыр 18-мартта өкмөттө чукул жыйын өтүп, ошол кездеги саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз өлкөсүндө 3 адамдан коронавирус илдети аныкталганын жарыялаган.
Алар умра зыяратынан келгендер болгон. Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 87 миң 45 адам илдетти жуктуруп алган.
Буга карата өткөн 2020-жылы 18-мартта Саламаттыкты сактоо жана өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдирген.