Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Таласта митингге чыккандар менен жолукту

Президент Садыр Жапаров Таласта "Жер-Үйдүн" алдына митингге чыккандар менен жолукту. Бул тууралуу митингдин катышуучулары билдиришти.

Митингдин катышуучуларынын бири Азамат Каработоев акция саат 10:00дө башталганын белгиледи. "Ошол убакта укук коргоо органдарынын кызматкерлери митингге чыккандарды таркатуу аракетин көрдү. Суукка карабай, саат 15:30га чейин Садыр Жапаровду күтүп турушту. Акыр аягы президентке жолугушуп, митингге чыккандардын талаптарын укту", - деди ал.

Митингдин дагы бир катышуучусу Сагынбек Момбеков элди таркатууга аракет болсо дагы тарап кетишпегенин айтты. "Президент келгенде мени аксакал деп мага сөз беришти. Талас ата-бабалардан калган ыйык жер деп айттым. Жалгыз инвесторлор үчүн садага чабылып кетебизби деген пикиримди билдирдим", - дейт Сагынбек Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jelezo
2021-03-17 16:56:12
Инвестор жок дейсиңер инвестор келсе кет десек кандай кылыш керек.
+4
Asmat84
2021-03-17 18:01:33
Ош менен Баткенден келип митинг откорушсо эч ким чыгып жолуккан эмес эле
+5
Moskva93
2021-03-17 18:04:50
Өзү биздин эл эч нерсени түшүнбөгөн караңгы элбизда. Инвесторлор булар акча киреше сага айлык мага пособие чоң ата чоң эмнелерге пенсия. Индюк тан айрымабыз жок.
+2
abusait
2021-03-17 18:15:12
Moskva93, Ошондо башка ундук ким ыя?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан