Биз социалдык тармакта

Түркияга болгон туруктуу аба каттамдарынын саны көбөйүп, жаңы аба каттамдары ачылат

Жакын арада Түркияга болгон айрым аба каттамдарынын саны көбөйөт жана аталган өлкөгө жаңы каттамдардын ачылышы пландалууда. Маалыматты бүгүн, 17-мартта "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Манас" эл аралык аэропорту бир катар эл аралык ири авиакомпаниялар менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Анын алкагында аэропорттун жетекчиси Бакыт Шаршеев “Turkish Airlines” жана “Turkish Cargo” авиакомпанияларынын жетекчилиги менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында түркиялык “Turkish Airlines” авиакомпаниясы тарабынан Стамбул-Бишкек-Ош-Стамбул багыты боюнча жаңы туруктуу аба каттамдарды ачуу иштери макулдашылды, бул түштүктөгү жарандардын жана коноктордун Стамбулга (Түркия) түз учууларына мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле тараптар жай мезгилинде Стамбул жана Анталиядан Бишкекке кошумча аба каттамдарын ачууну макулдашышты. Мындан тышкары Кыргыз өлкөсүнө жүк ташууну өнүктүрүүгө даярдык көрүү тууралуу стратегиялык макулдашуу болду.
“Манас” эл аралык аэропортунда жаңы каттамдарды ачуу жана бардык туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү боюнча жигердүү иш алып барууда", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
munarbek.92
2021-03-18 00:13:06
турцияга на..й керек россияга кобойтуш жана арзандатыш керек
+2
azamat85
2021-03-18 07:58:41
турция эмес россияга кобойткуло, ушул биздин чиновниктерге тушунбоймда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан