Биз социалдык тармакта

Муфтийликке 8 адам ат салышат. Алар кимдер?

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи кызмат ордуна талапкер катары 8 адам катталды. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шайлоо 5-апрелде өтөт. Муфтийликке талапкерлерди каттоо аяктады.

Талапкерлер:

Нурбек Токтогулов;

  • Сайдамир Жейналиев;
  • Султанали Гапуров;
  • Убайдулла Сарыбаев;
  • Шүкүр Исмаилов;
  • Шакир Маматов;
  • Нематилла Жээнбеков;
  • Ниязали Арипов.

Андан сырткары Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырса, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды. Муфтий жана кеңештин мүчөлөрү төрт жылдык мөөнөткө шайланат.

Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Токтомушев 12-февралда үй камагына чыгарылган.

Муфтийликке 8 адам ат салышат. Алар кимдер?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Mirlan27011987
2021-03-18 12:10:45
Бир орунду 8 молдо талашып жатат.
Жаны келгендерин деле беш манжасын казына матырып жибериши толук мүмкүн. Муфтияттын үгүт иштери жана дагы финансылык иштери мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөсө, аягы чоң чыр чатактарга алып барышы мүмкүн.
-12
Tyty1990
2021-03-18 13:04:16
Mirlan27011987,сага динди уйроткончо эшекке сүйлөгөндү үйрөткөн оңой болот. Сен кыжаалат болбо сага мурду бүткөн жок эч кимдин
+15
zhazgul98
2021-03-18 13:21:35
Tyty1990,
Жаны келген молдобуз эч качан Кыргызстандын ички, тышкы саясатына, билим, маданият тармагына башын салып, кийлигишпесин. Муфтият диний эрежелерди башка тармактарга тануулабаш керек. Динди танулоо, мажбырлоо сыяктуу корунуштор динден маанисин эл арасында томондотуп жиберет.
-16
batleybesh
2021-03-18 15:35:29
zhazgul98,сени сунушунду бироо угабы, сени айтканын боло тургандай суйлойсунго е
+1
JaneEr
2021-03-18 13:47:29
Mirlan27011987,динди жамандап тилин тешилбедиби ар бир комментарийде
+8
Asyl.jazi
2021-03-18 22:07:15
Mirlan27011987,бир президенттик орунду 63 адам талашкан
-1
Alia82
2021-03-18 12:49:36
Муфтий финансы жагына такыр кийлигишпей турган кылып озгортпосо болбойт, элге динди, молдолорду жаман корсотуп жатышат, финансы жагына динге тиешеси жок адамдарды коюш керек, эмне болсо ошолор жооп бере турган болсун. А муфтий олконун диний, руханий, адеп ахлак иштерин козомолдосун, онуктурсун дегендей
+8
Mirlan27011987
2021-03-18 13:08:27
Alia82
Дин менен саясат аралашып кетсе диндин баркы кетет. Муфтияттын адамдардын адеп ахлак ишин козомодогонго эч акысы жок. Акча байлык, кызмат дегенде муфтияттагылар деле бузулуп жататпайбы. Диндин баркын жонокой адамдар кетирбейт. Биринчи кезекте чала сабатсыз молдолор озудору кетирет жана алардын дааватын ылгабай ээрчигендер.
-6
nazira...
2021-03-18 19:35:15
Mirlan27011987,ушу сен өлгөндө туугандарын кандай көрүстөнгө көмүшөт болду экен, деги сен мусулмансынбы. Сага окшогон бул жерде дагы 3.4 адам бар, же ошонун баары бир эле адамбы билбейм, бүт тескери нерселерди жазасынар зээрикпей, кудайдан коркпогон адамсынар да, тооба.
-1
aiba.20201234567
2021-03-18 13:17:34
Охо чото май талкан бар окшойт да 8 молдоке ат салыш канына караганда .....
+5
Asmat84
2021-03-18 13:24:40
Ушулардын ичинен экс муфтий Максатбек ажы Токтомушевди кимиси жалаа жапты эле. Ошол адамды даана белгилеп коюш керек эле. Эл билсин стукачтарды
+5
Mirlan27011987
2021-03-18 13:53:51
Молдолор сакал койбой, чалма оронбой, тескерсинче баштарына кыргыздын калпагын кийип, чыкыйып костюм кийинип, сакалды тыкан кылып алып койюшса деле козго жагымдуу корунуп калышат турбайбы. Ойдондон ылдый санаганда бешинчи суроттогу адам козго жакшы корунот экен.
-1
mariolan
2021-03-18 16:31:02
эмнегедир 1 менен 2 көзүмө жакшы адамдай көрүндү
-2
bayern-munchen
2021-03-18 16:57:57
эмнеси болсо дагы элге улгу болчуу бир адам келсин мен бул жерде бир талапкер жонундо ото жаман создорду уккамын Убайдулла Сарыбаев деген киши ото чон мафия уйуштуруп алган дейт Ошто казыятта иштеген дешет коп корупцияга аралашкан
+2
Nina.alex
2021-03-18 17:42:32
Аттары эле щумдук экен. Бироонун козунон да жылуулук, нур коро албадым
-1
Baisal75
2021-03-18 18:11:08
Оо кудай жок дегенде молдолорубузга ыйман ынсап берекор
+2
bekalife
2021-03-18 21:59:18
Ниязалы Арипов татыктуу
-3
Real_mir
2021-03-19 06:20:28
Эч кимиси козумо жылуу учурабады дейсинорго,эмне Мирбек Атабековду алып келсинби или Анжеликаны?Раматылык Чубак ажы Жалиловду алып келгендеда ушулардай эле болуп турган эл таныган эмес ал кишини да.Булардын тусундо кийимине дагы башка жагына карабастан жараткандан дуба кылып такыбасын исламга жакшы кызмат кылуусун шайланусун тилейли.буларды шайлоого катышбагандан кийин
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан