Өлкөгө 10 күндүн ичинде 1 миң 296 бодо мал жана жылкыны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
"10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына 1 миң 189 ири мүйүздүү малды жана 107 жылкыны мыйзамсыз ташуу аракети аныкталды. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө бардык коштоочу документтери, ошондой эле салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон", - деп билдиришти УКМКдан.
Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүп берилген.