
Ош шаарында 21-март "Нооруз-2021" элдик майрамы борбордук аянтта белгиленет. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, майрамдык иш-чара саат 10:00дө эстрада жылдыздарынын, Ош шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун катышуусундагы концерттик программа менен башталат.
"Ошондой эле Нооруз майрамына арналган театралдаштырылган көрүнүштөр менен коштолот. Мындан тышкары кыргыз элинин каада-салтын көрсөтүү сынагы, боз үй тигүү жарышы, аш фестивалы, улуттук спорттук оюндары боюнча мелдештер уюштурулат", - деп жазылат мекеменин маалыматында.