Биз социалдык тармакта

Катуу оорудан улам композитор Жумашбай Касымбеков көз жумду

Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, Мукаш Абдраев атындагы сыйлыктын лауреаты Жумашбай Касымбеков 70 жаш курагында катуу оорудан улам каза болду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, композитор бүгүн, 18-мартта көз жумду.
Жумашбай Касымбеков 1951-жылы 12-апрелде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ичке-Булуң айылында туулган. Ал 1968-жылы Фрунзедеги музыкалык-педагогикалык окуу жайга “Хордун дирижёру” адистиги боюнча тапшырып, экинчи курсунда Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Ошондон баштап аскер оркестрин уюштуруп, марштарды ойнотуп, оркестрге чыгармаларды жазганды да мыкты үйрөнөт. Студент кезинде саксофон, бас гитара, труба, аккордеон, комуз, урма аспаптарын кошуп, ырларды коштоонун жаңыча үлгүсүн жараткан.
Жумашбай Касымбеков 1975-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун композитордук бөлүмүнө тапшырып, Мукаш Абдраевден, Таштан Эрматовдон, Калый Молдобасановдон таалим тарбия алган.
1980-1990-жылдары Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда мугалим, 1990-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун жооптуу катчысы, 1996-2000-жылдары Кусейин Карасаев атындагы гуманитардык университеттин маданият борборунда директор болуп эмгектенген.
Жумашбай Касымбековго таандык бир актылуу опера – “Алыкулдун махабаты”, “Симфониялык оркестр үчүн вариация”, “Симфониялык оркестр үчүн Рапсодия-поэма”, “Фортепиано, фагот жана урма аспаптары үчүн концерттик күү”, “Труба жана фортепиано үчүн романс”, “Кларнет жана фортепиано үчүн фантазия” чыгармалары бар.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жумашбай Касымбековдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2021-03-19 08:10:51
Ыйманы саламата болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан