40 миң сом өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен Чүй ОИИББинин улук тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган адам алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн жергиликтүү тургундан эки миң доллар талап кылгандыгы аныкталды.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине пара талап кылуу фактысы менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда УКМК тарабынан тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп жазылат маалыматта.