Биз социалдык тармакта

Аксыда айгүл гүлү март айында гүлүн ачты (сүрөт)

Дүйнөдө сейрек кездешүүчү гүлдөрдүн катарына кирген айгүл гүлү Аксы районунун Кызыл-Жар айылында гүлдөдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына журналист Талант Канатбек уулу билдирди.

"Апам бул гүлдү 15 жыл мурда Баткенден алып келип отургузган. Өзү да Баткендин кызы. Анан жети жыл бою чыгып, бирок такыр гүл ачкан жок. Сегиз жылдан кийин гүлдөдү. Апам бул гүлдү аябай кастарлап карайт. Жыл сайын март айынын башында эле гүлдөйт. Негизи айгүл гүлү Баткенде апрелдин ортолорунда гана гүл ачат эмеспи. Көп адамдар таң калып, үйгө чейин келип көрүп кетишет. Сатып алалы деп келгендер дагы арбын. Апам бирок такыр сатпайт. Бир гана аалым Чубак Жалилов суранганынан бир ирет берген", - дейт Канатбек уулу.

Айгүл гүлүнүн илимий аталышы - Эдуарддын чаар гүлү. Кыргыз жергесиндеги мекени Баткен облусу деп эсептелинет. Мындан сырткары Иран, Ирак, Гималай, Түркия жана Ооганстанда өсөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Taalaibek.
2021-03-20 11:49:39
Айгул гулу болок жерге отургузса болбойт дечи эле го. Бул гул осуп эле жатат го.
+8
Dalil
2021-03-20 12:01:21
Taalaibek., өсөт эгер тамырына зыян келтирбей казып алып кайра отургузса. Уругунан деле чыгат. Бирок анысы он он беш жылга чейин гүлдөбөйт дешет.
+4
Taalaibek.
2021-03-20 15:19:29
Dalil,Рахмат!
0
Dalil
2021-03-20 11:59:00
Баткендеги тоодо болгону үчүн апрелдегүлдөйт. А силердики коргонуңарда турбайбы андай жерлер де эрте гүлдөйт.
+8
gulya583
2021-03-20 16:13:37
Ошондо канча гул ачты. Угушум боюнча канча жыл жашаса ошончо гул ачат деп уккан элем...
0
Bikosh2015
2021-03-20 22:52:53
Иш козгош керек экен. Аксынын кайсыл айылында ким дегендин короосунда экен гул
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан