Биз социалдык тармакта

УКМК тарабынан кармалган Бишкектеги салык органдарынын 2 кызматкери кызматтан бошотулду

Кечээ, 18-мартта УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондорундагы Мамлекеттик салык органдарынын жогорку кызмат адамдары пара алуу фактысы боюнча кармалган.

Аталган 2 кызматкер бүгүн, 19-мартта ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Свердлов райондук салык органынын башчысынын орун басары жана Ленин райондук салык органынын инспектору кызматынан бошотулду. Аларды кызматтан бошотууга пара алуу фактысы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалышы негиз болду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-03-19 16:27:14
Пара алып атып өлүп кетишет го
+3
nazira...
2021-03-20 12:54:06
Айтпа, дагы буларды мурда көрбөпсүнөр. Азыр кичине кичи пейил болуп калганы. Башка налоговыйларга сабак болсун эми, рас эле болуптур, тооба.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан