Беш жылдан бери чуркоо боюнча жергиликтүү жана эл аралык марафондорго катышып, алдыңкы орундарга жетишип келген Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынын тургуну, жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Бишкек шаарынан Ош шаарына чейин 25-марттан баштап жөө чуркап барат. Бул тууралуу ал порталыбызга билдирип, алыска чуркоо бала кезинен берки кыялы экенин айтты.
"Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынын тургунумун. Ошко жөө чуркап баруумдун максаты - өзүмдүн бала чактагы кыялдарымдын бири. Эл-журт, жаштар, туугандарымды спортко тартуу. Былтыр Ат-Башыдан Бишкекке беш жарым күндө чуркап келдим. Быйыл Ошко чуркайын деп жатам. Келечекте башка мамлекеттерге чуркап баруу пландарым бар. Азыр тамак-ашты мүнөздөп жеп, даярдык көрүп жатам. Бул нерсе элге таанылайын, көрүнөйүн деген максатта жасалып жаткан жок.
Андан сырткары ажылыкка да жөө барсам дейм. Чуркап баштаганыма алты жыл болду. Буга чейин беш жолу 42 чакырымга чуркагам. Москва шаарында 50 чакырым чуркадым. Ушул кезге чейин бардыгында алдыңкы орундарга илинип, ийгиликтерге жетишип келдим. Ышкыбоз жөө күлүкмүн. Ошко чейин күнүнө 100 чакырымдан чуркап отуруп 10 күндө жетсемби деген план бар. Анан кандай болот жол көрсөтөт буюрса", - деп максаттары менен бөлүштү Оболбеков.